Булуттарда микропластиктердин бар экендиги аныкталды

Япониянын Васеда университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө булуттарда микропластиктердин бар экендиги изилденди.

2043654
Булуттарда микропластиктердин бар экендиги аныкталды

Япониянын Васеда университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдө булуттарда микропластиктердин бар экендиги изилденди. 

Изилдөөчүлөр Фудзи жана Ояма тоолорунан 1300 менен 3 миң 776 метр бийиктикте булуттардан үлгүлөрдү алып,   бул үлгүлөрдү алдыңкы сүрөт техникалары менен изилдешти. Изилдөөдө булуттарда 9  полимер түрү кездешти. 

Изилдөөчүлөр булуттардын ар бир литр суу буусунда орто эсеп менен 6,7ден 13,9га чейин микропластик бөлүкчөлөрдүн бар экенин аныктап, бул жагдайдын климатка таасир этиши мүмкүн экенин баса белгилешти.

Изилдөөчүлөрдөн Хироши Окочи : « "Абанын пластикалык булганышы» маселеси чечилбесе, климаттынк алмашуу жана экологиялык коркунучтар ортого чыгып жана   келечекте экологияга  орду толгус олуттуу зыян алып келиши мүмкүн», - деди. 

Изилдөөнүн жыйынтыгы "Environmental Chemistry" аттуу журналда жарыяланды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар