Индиядагы окуучулардын нааразычылык акциялары

Жүздөгөн окуучу штаттын борбору Импхалда нааразылык акциясына чыгып, "курман болгондор үчүн адилеттик" деген ураандарды чакырышты.

2042976
Индиядагы окуучулардын нааразычылык акциялары

Индияда июль айынан бери дайынсыз жоголгон 2 окуучунун өлтүрүлгөнү ачыкка чыккандан кийин бир канча убакыттан бери зомбулук окуялары болгон Манипур штатында жүздөгөн окуучу нааразылык акциясына чыгышты.

Жүздөгөн окуучу штаттын борбору Импхалда нааразылык акциясына чыгып, "курман болгондор үчүн адилеттик" деген ураандарды чакырышты.

Полиция  митингге чыккандарга көздөн жаш агызуучу газ жана түтүн бомбалары менен кийлигишти.

Атынын билдирилишин каалабаган жетекчи . "Полициянын кийлигишүүсү учурунда 47 окуучу жеңил жаракат алды бирок азыр абал нормалдуу жана көзөмөлгө алынды», - деди.

Нааразычылык акцияларынан кийин бүгүн штаттын бардык мектептеринин  жабылары билдирилди.

Аймактын жетекчилери тарабынан жарыяланган билдирүүдө  "дезинформация, ушак - айыңдарды жана зордук - зомбулукту алдын алуу максатында" штатта интернет кызматтарынын 5 күнгө токтотулгандыгы маалымдалды. 

Штаттын калкынын 53 пайызын түзгөн Мейтей жамаатынын "Пландалган уруу" категориясына кирбеди деген негиз менен башталган митингде башка айрым этникалык топтордун буга каршы чыгуусу менен 3 -  майдан тарта зомбулук окуяларыболо баштаган. 

4 - майда аскерлерге «ат» буйругу берилген провинцияда зомбулуктан улам каза болгондордун саны 175ке жетип, 60 миңден ашуун адам жер которгон.

 

 



Тектеш кабарлар