Сомали: "Түркиянын жардамдарына ыраазыбыз"

Президент Махмуд Түркиянын Могадишодогу элчиси Ибрахим Мете Йаглыны кабыл алуусунда Түркия менен Сомалинин ортосундагы карым-катнаштарга токтолду.

2042311
Сомали: "Түркиянын жардамдарына ыраазыбыз"

Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд Түркиянын өлкөсүнө көрсөткөн жардамдарына ыраазы экендиктерин билдирди.

Сомалинин президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, президент Махмуд Түркиянын Могадишодогу элчиси Ибрахим Мете Йаглыны кабыл алуусунда Түркия менен Сомалинин ортосундагы карым-катнаштарга токтолду.

Түркиянын Сомалиге көрсөткөн жардамдарына канааттангандарын белгилеген Махмуд, эки өлкөнүн ортосундагы өнүгүү жана коопсуздук тармагында карым-катнаштардын жогорулаганын айтты.

Махмуд Могадишо менен Анкаранын ортосундагы жакын мамилелерге басым жасады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 2011-жылы Сомалиге жасаган сапарынан кийин эки өлкөнүн карым-катнаштары ылдам өнүктү.

Түркиянын Африкадагы эң чоң элчилик кампусу Сомалиде курулуп жатканда бул өлкөгө гуманитардык жана өнүгүү жардамдары уланууда.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, коопсуздук жана маданий тармактардагы карым-катнаштар да тереңдеп баратат.



Тектеш кабарлар