Шойгу: «Биз украин армиясынын 2700дөн ашык куралын жок кылдык»

Сергей Шойгу борбор шаар Москвада министрликтин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

2042601
Шойгу: «Биз украин армиясынын 2700дөн ашык куралын жок кылдык»

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу сентябрда алар украин армиясына таандык 2700дөн ашык курал-жарак жана аскердик техниканы, анын ичинде америкалык Брэдли жөө аскер унаасын, америкалык M777 артиллериялык системасын, немис Леопард танкасын жана Британиянын Челленджер танкасын жок кылганын билдирди.

Сергей Шойгу борбор шаар Москвада министрликтин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Онлайн жыйынга Украина армиясы 22-сентябрда Севастополго жасалган чабуулда каза тапты деген Орусиянын Кара деңиз флотунун командири Виктор Соколов да катышып жатканы көрүндү.

Жыйналышта Шойгу Украинадагы кырдаалга баа берип, орус аскер бөлүктөрүнүн украин күчтөрүн талкалоо боюнча активдүү аракеттерин улантып жатканын билдирди.

Шойгу Синьковка жана Петропавловкага жакын аймакта Купянск багытында көзөмөл кыйла кеңейтилгенин билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бүткүл кагылышуу сызыгында олуттуу жоготууларга учураганын белгилеген Шойгу сентябрда 17 миңден ашуун украин аскеринин таасирсиз абалга келтирилгенин, 7 америкалык Брэдли жөө аскер унаасы, 77 америкалык M777 артиллериялык системасы, Германия, Франция, Польша жана АКШдан алынып келинген 51 өзү жүктөөчү артиллериялык системасы, 2 Германиянын 2 Leopard танкы жана 1 Британиялык Челленджер танкы менен катар  2700дөн ашык курал-жарак жана аскердик техника жок кылынганын билдирди.

АКШ  жана анын союздаштары украин армиясын куралдандырууну улантып жатканын билдирген министр Шойгу:«Киев режими даярдыгы жок аскерлерди маанисиз кол салууларга жана кыргындарга түртүп жатат. Батыштын жана алардын Киевдеги колдоочуларынын мындай кыянаттык аракеттери Украинаны өзүн-өзү жок кылууга түртөт»,-деп айтты.

Бул шарттарда «атайын аскердик операциялардын» тажрыйбасын эске алуу менен орус армиясынын күжүрмөн күчүн, анын ичинде заманбап курал-жарактар ​​менен камсыз кылууну жана аскерлерди даярдоону жакшыртууну улантып жатышканын баса белгилеген коргоо министри, иш-чаралар планы 2025-жылга чейин ырааттуу ишке ашырылса, максаттарга жете тургандарын белгиледи.

Орус армиясында кадр түзүү иштеринин уланып жатканын түшүндүргөн Шойгу жыл башынан бери аскердик аймактардагы офицерлердин саны 11 миңге, контракттык аскерлердин саны 30 миңге көбөйгөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар