Нигериядагы холера эпидемиясы

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигерияда быйыл холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 94кө жетти.

2042462
Нигериядагы холера эпидемиясы

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигерияда быйыл холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 94кө жетти.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, акыркы бир айда өлкөнүн 23 штатында 201 холера учурунун катталганы белгиленди.

Билдирүүдө өлкөдө январь айынан бери 2 миң 860 холера оорусу байкалып, эпидемиядан улам каза болгондордун саны 94кө жеткендиги айтылды.

"Vibrio" бактериясы пайда кылган, тамак - аш жана суу аркылуу жугуучу холера ич өткөккө алып келип, организмде суусуздукту пайда кылууда.

Дарыланбаса, оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Нигерияда таза суунун жетишсиздигинен тышкары, эффективдүү медициналык кийлигишүүнүн жоктугу оорунун жана өлүмдүн коркунучун жогорулатууда.

Өлкөдө безгек, полиомиелит, ич келте жана маймыл чечек сыяктуу эпидемиялык оорулар да көп кездешет.

 

 

 



Тектеш кабарлар