Хаменеи АКШ менен түз сүйлөшүүгө уруксат бердиби?

Ирандын Тышкы иштер министрлиги эл аралык бир маалымат сайтында жарыяланган дооматка байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2042518
Хаменеи АКШ менен түз сүйлөшүүгө уруксат бердиби?

Иран, өлкөнүн лидери Аятолла Али Хаменеинин Тышкы иштер министрлигине Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен түз сүйлөшүүгө уруксат берген деген айтымды четке какты.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги, эл аралык бир маалымат сайтында жарыяланган дооматка байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө: «Көбүнчө саясий чөйрө түзүү үчүн айтылган мындай жалган маалымат жана медиа оюндарынын эч кандай негизи жок», - деген сөздөр камтылды.

Англиядагы "Amwaj.media" маалымат сайты аты аталбаган жогорку даражалуу ирандык булактарга таянып, Ирандын лидери Хаменеинин ядролук сүйлөшүүчүлөргө АКШ менен түз жолугушууга уруксат бергенин жазды.

Кабарда Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү Али Бакиринин Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка координатору Бретт МакГурк менен алдыдагы апталарда Оманда жолуга турганы айтылган.

Хаменеи АКШнын санкцияларынан кийин Вашингтон менен түз сүйлөшүүгө тыюу салган.



Тектеш кабарлар