АКШ Кубада болгон кол салууну айыптады
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жазуу түрүндө маалымат берди.
Америка Кошмо Штаттары Кубанын Вашингтондогу элчилигине жасалган кол салууну айыптады.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Америка Кошмо Штаттары Кубанын Вашингтондогу элчилигине жасалган кол салууну катуу айыптайт",- деди.
Дипломатиялык имараттарга кол салуулардын «кабыл алынгыс» экенин белгилеген Салливан, иликтөө үчүн Куба элчилигинин кызматкерлери жана укук коргоо органдары менен байланышта экендерин белгиледи.
Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилла X социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө жекшемби күнү кечинде Вашингтондогу Куба элчилигинде молотов коктейли менен "террордук чабуул" жасалганын билдирген.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.