ДССУ Ливияда эпидемиянын жок экендигин билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Ливия өкүлү Ахмед  Зуйтен маалымат жыйынында селден жабыркаган Ливиядагы акыркы абал тууралуу баа берди.

2041233
ДССУ Ливияда эпидемиянын жок экендигин билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Ливия өкүлү Ахмед  Зуйтен Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсесинде онлайн түрдө катышкан жумалык маалымат жыйынында селден жабыркаган Ливиядагы акыркы абал тууралуу баа берди.

Зуйтен өзгөчө Дерне шаарында болгон апаат себеп  болгон көрүнүштөн  таасирленгенин белгилеп, миңдеген кишинин жакындарынан жана үйлөрүнөн ажыраганын белгиледи.

Зуйтен : "Адамдардын психикалык травмасынын көлөмүн сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. ДССУ холера аптечкалары менен бирге дары  - дармектерди таратты. Медициналык жардам алуу үчүн жергиликтүү жетекчилер менен бирдикте иштеп жатат. Жетүүгө кыйын болгон айрым аймактар үчүн мобилдик клиникаларды колдонобуз",- деди. 

Зуйтен сел болгон Ливияда эч кандай эпидемиянын аныкталбаганын тастыктады.

Борбордук Жер Ортолук деңизинде таасирдүү болгон жана 10 - сентябрда Ливиянын чыгышында болгон «Даниел» бороону Бенгази, Бейда, Марж, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болду.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун басма сөз катчысы Тарик Жасаревич 19 - сентябрда Ливияда селден 3 миң 998 кишинин каза болгонун, 8 - 9 миң кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди.

Жергиликтүү маалымат булактары каза болгондордун саны 10 миңден ашканын жарыялашты. 

 

 



Тектеш кабарлар