Столтенбергден АКШга Кытай тууралуу сунуш

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШнын Кытай менен дагы оңой күрөшүүсү үчүн Украинанын согушта жеңип чыгышын кепилдикке алуу керектигин айтты.

2040771
Столтенбергден АКШга Кытай тууралуу сунуш

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШнын Кытай менен дагы оңой күрөшүүсү үчүн Украинанын согушта жеңип чыгышын кепилдикке алуу керектигин айтты.

Столтенберг БУУнун Башкы ассамблеясынын  78 -  сессиясы үчүн барган Нью – Йоркто алдыңкы аналитикалык борборлордун бири болгон Тышкы байланыштар кеңеши (CFR) тарабынан уюштурулган панелге катышты.

Түндүк Америка жана Европа аймактарынын глобалдык коркунучтарга туш болгонун белгилеген Столтенберг, НАТОнун Австралия, Жаңы Зеландия жана Япония сыяктуу өлкөлөр менен өнөктөштүк курганын, бирок бул альянстын ал жакта кеңейет дегенди билдирбегенин айтты.

Столтенберг : "НАТО аймактык альянс бойдон калат. Бул НАТО Түндүк Америка менен Европанын альянсы бойдон кала берет дегенди билдирет. Эгер экспансия боло турган болсо, ал Европа өлкөлөрү менен болот. НАТО глобалдык жамааттык коргонуу уюму болбойт",- деди.

Йенс Столтенберг Украинадагы согуштун союздаштарга туудурган коркунуч тууралуу : «Эгер АКШ Кытай тууралуу кабатырланса,   Украинанын согуштан жеңиш менен чыгышын кепилдикке алышы керек», -  деди.

Столтенберг эгер Украина согушта жеңсе, НАТОнун Европадагы экинчи чоң армиясына ээ болорун, Европа өлкөлөрүнүн акыркы убакта жогорулаган коргонуу чыгымдары менен бирге карала турган болсо Кытай үчүн азыраак тынчсыздана турган абалдын пайда болорун айтты.

НАТОнун баш катчысы Украинанын жеңишине кепилдик берүү АКШнын кызыкчылыгында экенин, бул анын Кытай менен мамилесин жеңилдете турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар