Керкүктө түркчөнү шаарда расмий тилдерге кошуу боюнча көрсөтмө

Иракта Керкүк губернаторлугу расмий жазышууларда  жана жарнактарда "унутулган" түрк тилин кайрадан расмий тил катары колдонуу буйругун берди.

2040633
Керкүктө түркчөнү  шаарда расмий тилдерге кошуу боюнча көрсөтмө

Иракта Керкүк губернаторлугу расмий жазышууларда  жана жарнактарда "унутулган" түрк тилин кайрадан расмий тил катары колдонуу буйругун берди. 

Керкүк губернаторлугу шаардагы мамлекеттик мекемелердин рамий жазышуулары, жарнактар жана жол белгилерине түрк тилин кошуу буйругу орун алган билдирүүнү тийиштүү мекемелерге жиберди. 

Губернаторлуктун билдирүүсүнө ылайык түрк тили расмий мекемелердин бланктары менен мөөрлөрүндө да орун алат.

Керкүк губернаторлугунун басма сөз катчысы Мерван ал-Ани бул темага байланыштуу билдирүүсүндө, Керкүктөгү мамлекеттик мекемелердин  жазышууларында жана белгилеринде арабча, күртчө сыяктуу түрк тилин колдонуунун конституциялык укук экендигин белгиледи.

Ирак парламентиндеги түркмөн тобунун төрагасы жана Керкүк депутаты Эршат Салихи, 11-сентябрда Керкүктүн губернатору Ракан ал-Жубуриге жиберген расмий өтүнүч катында Ирактын Конституциясына ылайык, эне тили болгон түрк тилин колдонуу керектигин белгиледи.

Салихи Керкүк губернаторунан бул темада керектүү сезимталдыкты көрсөтүүсүн суранды.

Ирак Конституциясынын 4 - беренесине ылайык, арапча жана күртчө менен бирге түркчө да  калк жыш жайгашкан аймактарда расмий тилдер болуп эсептелет.

 

 



Тектеш кабарлар