Жозеп Боррелл :  Куран Каримди өрттөө сыяктуу кыймылдар террористтер тарабынан пайдаланылууда

Боррелл БУУнун Башкы аммасблеясынын 78 -  сессиясына катышуу үчүн барган АКШнын Нью  -  Йорк шаарында Терроризм менен күрөшүүдө глобалдык форумдун  13 -  министрлер жыйынында ачылуу сөзүн сүйлөдү.

2040299
Жозеп Боррелл :  Куран Каримди өрттөө сыяктуу кыймылдар террористтер  тарабынан пайдаланылууда

Европа Биримдигинин  Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Куран Каримди өрттөө сыяктуу кыймылдардын  террористтер тарабынан пайдаланылып жаткандыгын белгилеп, террор менен эффективдүү күрөшүү үчүн коомдордо толеранттуулукту жайылтуу керектигин айтты. 

Боррелл БУУнун Башкы аммасблеясынын 78 -  сессиясына катышуу үчүн барган АКШнын Нью  -  Йорк шаарында Терроризм менен күрөшүүдө глобалдык форумдун  13 -  министрлер жыйынында ачылуу сөзүн сүйлөдү. 

Боррелл Египеттин Тышкы иштер министри Самих Шукри менен бирге төрагалык кылган сессияда  терроризм менен эффективдүү күрөшүү үчүн коомдордогу толеранттуулукту кубаттоо керектигин баса белгиледи.

Жозеп Боррел : "Коомдорубузда чагымчыл аракеттерге, сабырсыздыкка жана жек көрүүчүлүккө көп күбө болуп жатабыз. Куран өрттөлүп жатат. Буларды террористтер өздөрүнүн бурмаланган идеологиясын жайылтуу, террордук актыларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн  пайдаланып жатышат",-  деди.

Боррелл жай мезгилинде Швеция менен Даниядагы  Куранды өрттөө аракеттерине байланыштуу билдирүүсүндө : «Европадагы кээ бир адамдардын көптөгөн мусулмандарга зыян келтирген аракеттеринен кийин Европа Биримдиги диний жек көрүүчүлүктү жана  пропагандалоонун ар кандай түрүн чечкиндүү четке каккандыгын кайталайт" ,- деди. 

 



Тектеш кабарлар