The Beatlesтын альбомдору аукционго коюлду

Аукцион үйү  Gotta Have Rock and Rollдун интернет  сайтында жарыяланган жарнакта топтун жоголгон жазуулары камтылган 6 кассета 300 миң долларга   аукционго чыгарылды.

2040632
The Beatlesтын альбомдору аукционго коюлду

Британиялык The Beatles рок-группасынын жарыкка чыга элек ырлары, репетиция жазуулары жана интервьюлары камтылган кассеталар онлайн аукционго коюлду.

Аукцион үйү  Gotta Have Rock and Rollдун интернет  сайтында жарыяланган жарнакта топтун жоголгон жазуулары камтылган 6 кассета 300 миң долларга   аукционго чыгарылды. 

Кассеталарда  топтун  1967 - жылы жарыяланган "Sgt. Pepper's Lonely Hearts Club Band"  аттуу альбомунда студиянын тышынан келген жаныбарлардын үндөрү, Пол Маккартнинин түрдүү вокалдык эмгектери, Жорж Харрисондун Жимми Паге менен  "While My Guitar Gently Weeps" ырын  башка версияда аткаруу жана Жон Леннон менен өткөрүлгөн  45 мүнөттүк маеги орун алган.

Сатуудан болжол менен 500 миң доллар киреше түшүшү күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар