Путин менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү

Кремлден берилген  билдирүүгө караганда Путиндин Пашинян менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Карабахтын тегерегиндеги акыркы абалдар талкууланды.

2040289
Путин менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Карабах маселеси тууралуу сүйлөштү. 

Кремлден берилген  билдирүүгө караганда Путиндин Пашинян менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Карабахтын тегерегиндеги акыркы абалдар талкууланды.

(Азербайжан менен Армениянын ортосундагы) Келишпестиктин  татаал этабынан өтүүгө  болорун белгилеген Путин, орус тынчтык күчтөрүнүн активдүү катышуусу менен жетишилген келишимден  жана 21 - сентябрда боло турган сүйлөшүүлөрдөн ыраазы экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн Россиянын тынчтык күчү командирлигинин ортомчулугу менен өтөөрүн белгилеген Путин, оор шарттарга карабастан орус тынчтык күчүнүн өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарууну улантып, карапайым калкка,  аскердик дарыгерлерге да жардам берип жатканын белгиледи.

Сүйлөшүүдө  келечекте чыңалуунун азайышы жана кырдаалдын  турукташуусу  үмүтү билдирилди. 



Тектеш кабарлар