Путин Кытайга чакыруу салды

Орус лидери Санкт - Петербург шаарында Кытай - Россия стратегиялык коопсуздук консультациялары үчүн өлкөсүнө келген Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.

2040342
Путин Кытайга чакыруу салды

Россиянын президенти Владимир Путин АКШ  баштаган Чоң жетилик өлкөлөрү Украинадагы согуштан улам Москвага кысымын күчөтүп жаткан мезгилде  Кытайды “бир уюлдуу гегемонияга каршы турууга” чакырды.

Орус лидери Санкт - Петербург шаарында Кытай - Россия стратегиялык коопсуздук консультациялары үчүн өлкөсүнө келген Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Путин жолугушууда «бир уюлдук гегемонияга жана лагерлер аралык тирешүүгө каршы турууга» чакырып, жолугушууда «стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү» кабарын берди.

Путин Россиянын Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгесин колдой тургандыгын жана аны үзгүлтүккө учуратуу жана каралоо аракеттерине каршы экендигин билдирди.

Россия  менен Кытайдын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары дүйнөдө өнүгүү жана прогресске көмөктөшүү жоопкерчилиги бар экенине көңүл бурган Ванг : "Көп тараптуу стратегиялык координацияны сактап, эки өлкөнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, эл аралык тартипти адилеттүү жана рационалдуу багытка жылдырууга аракет кылышыбыз керек», - деди.

Кытай тарап Путиндин Россиянын Украина маселесин диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечүүнү каалай турганын  кайталагандыгын билдирди.

Вангдын Москвадагы жолугушуулары жана Путин менен жолугушуусу Нью - Йоркто өткөрүлгөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 78 - сессиясынын алкагында чогулган Чоң жетиликтин  тышкы иштер министрлери жарыялаган биргелешкен билдирүүдө  Россия  - Украина согушунун акырына чыгарылышы үчүн Москвага чакыруу салышынан кийин өттү. 

АКШ, Канада, Англия, Германия, Франция, Италия жана Япониядан турган G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери 18 - сентябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө Россияны  “Украинадагы бардык аскерлерин жана согуштук техникасын дароо жана шартсыз чыгарып кетүүгө” чакырышкан. 

 

 



Тектеш кабарлар