Израиль күчтөрү Батыш Шериада тинтүү жүргүздү

Израиль күчтөрүнүн басып алынган Батыш Шериадагы Женин жана Акбет - у Чебр баш калкалоочу лагерлерине жасаган операциясында каза болгон палестиналыктардын саны 5ке жетти.

2039676
Израиль күчтөрү Батыш Шериада тинтүү жүргүздү

Израиль күчтөрүнүн басып алынган Батыш Шериадагы Женин жана Акбет - у Чебр баш калкалоочу лагерлерине жасаган операциясында каза болгон палестиналыктардын саны 5ке жетти.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, кечээ кечинде Израил күчтөрүнүн Женин качкындар лагеринде жүргүзгөн тинтүүсүндө  чыккан кагылышууда жараланган дагы бир адам каза болду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен андан мурда берилген маалыматта Израиль күчтөрүнүн Женин качкындар лагеринде жүргүзгөн тинтүү учурунда  3 палестиналыкты өлтүрүп, 30 палестиналыкты ар кандай деңгээлде жарадар кылганы маалымдалган.

WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Батыш Шерианын чыгышындагы Жерихо шаарына жакын жерде жайгашкан Акбет - у Чебр качкындар лагерине Израиль күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн операцияда жараланган дагы бир палестиналык каза болду. 

Аймактагы күбөлөр Акабет-у Чебр баш калкалоочулар лагерине жасалган чабуулга бөгөт коюуга аракет кылган палестиналыктар менен израилдик күчтөрдүн ортосунда катуу кагылышуунун болгонун айтышты.

Израилдик жетекчилер Акабет-у Чебрдеги тинтүүгө байланыштуу билдирүү жасай элек.

Израиль күчтөрүнүн Женин жана Акабет-у Чебр качкындар лагерлерине кечээ кечтен бери жүргүзгөн тинтүүлөрүндө атылган октун  натыйжасында каза болгон палестиналыктардын саны 5ке жетти.

 

 



Тектеш кабарлар