130 жыл мурда жок болгон тасман жолбосунун РНКсы изилденди

CNN билдиргендей, Швейцарияда  илимпоздор Стокгольмдогу Табигый тарых музейинде сакталган тасман жолборсунун териси жана булчуңдарынан алынган үлгүлөр менен изилдөө жүргүзүштү.

2039935
130 жыл мурда жок болгон тасман жолбосунун РНКсы изилденди

Окумуштуулар 130 жыл мурда жок болгон тасман жолборсунан алынган үлгүлөр менен биирнчи жолу тукуму жок болгон бир түрдүн РНКсын (рибонуклеин кислотасын) изилдешти.

CNN билдиргендей, Швейцарияда  илимпоздор Стокгольмдогу Табигый тарых музейинде сакталган тасман жолборсунун териси жана булчуңдарынан алынган үлгүлөр менен изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөө тобунан биолог Эмилио Мармол Санчес билдирүүсүндө сөз болгон түрдүн 130 жыл мурда тукум курут болгон түрдүн  РНКсын биринчи жолу изилдегендерин белгилеп: «РНК сизге клетканы жана кыртыштарды изилдөө аркылуу ал жаныбардын чыныгы биологиясын табуу мүмкүнчүлүгүн берет»,- деди. 

Санчес "түр тирилтүүнүн" изилдөөнүн максаты болбогонуна карабастан тасман жолборсунун РНКсынын изилдениши түрдүн гендик түзүлүшүнүн дагы жакшы түшүнүлүшүнө шарт түзүп акыркы мезгилдерде башталган мындай "түр тирилтүү" эмгектерине жардамчы боло аларын айтты. 

Тасман жолборс түрүнүн жашоосун камсыз кылуу үчүн долбоор жүргүзүп жаткан Мельбурн университетинен профессор Эндрю Паск сөз кылынган изилдөөнүн тукум курут болгон жаныбарлардын биологиясын түшүнүүгө чоң салым кошо турганына көңүлдөрдү бурду.

Ылайыктуу шарттарда сакталган ДНК миллиондогон жылдар бою сактала алат.  ДНКнын убактылуу көчүрмөсү болгон РНКнын өмүрүнүн кыска экендиги  болжолдолууда. 

 

200 жылдай мурун Австралиядан башка дүйнөнүн башка өлкө жана аймактарында тукуму жок болгон тасман жолборсунун жашаган Бенжамин аттуу мүчөсү  1936 - жылы Тасманиядагы Боумарис зоопаркында өлгөн.

Койоттон болжол менен эки эсе чоң болгон бул жырткыч түрү Австралиядагы көптөгөн сүт эмүүчүлөр сыяктуу эле марсупиалдар катары белгилүү.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Гендерди  изилдөө журналында жарыяланды. 

 

 



Тектеш кабарлар