Францияда 6 мектеп террор коркунучунан улам эвакуацияланды

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда Сена - Маритиме губернаторлугу Руан шаарынын айланасындагы 6 мектепке террордук кол салууларды камтыган коркутуу билдирүүлөрүнүн жөнөтүлгөндүгүн жарыялады.

2039521
Францияда  6 мектеп террор коркунучунан улам эвакуацияланды

Францияда террордук кол салууларды камтыган  билдирүүлөрдү алган 6 мектеп эвакуацияланды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда Сена - Маритиме губернаторлугу Руан шаарынын айланасындагы 6 мектепке террордук кол салууларды камтыган коркутуу билдирүүлөрүнүн жөнөтүлгөндүгүн жарыялады.

Губернаторлук сөз болуп жаткан 6 мектептин эвакуациялангандыгын  билдирди.

Полиция жана Руан прокуратурасы 6 мектепте иликтөө иштерин баштады.

Бир тараптан Париждин четиндеги  Сен-Дениде 1800 окуучусу болгон Пол Элюард лицейи эртең менен бомба коркунучунан улам эвакуацияланды.

Бомба жардыруучу   топтор лицейге  бара жатканда кабардын жалган  экендиги белгиленди. 

Лицей караштуу болгон Creteil Academy жалган билдирүү тууралуу арыз берет.

 


 



Тектеш кабарлар