Болгарияда жээкте бомба жайгаштырылган дрон жок кылынды

Коргоо министри Тодор Тагарев дрондун кайдан жөнөтүлгөнү аныктала электигин, бирок анын Орусия-Украина согушуна байланыштуу экенин билдирди.

2038903
Болгарияда жээкте бомба жайгаштырылган дрон жок кылынды

Болгариянын Кара деңиз жээгинде бомба жүктөлгөн дрон жок кылынды.

Болгариянын түндүк-чыгышында Румыния чек арасына жакын Кара деңиз жээгиндеги Тюленово кыштагында бир мейманкананын жетекчиси жээкке чыгып калган 3,5 метрлик дронду байкады.

Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, окуя болгон жерге барган Деңиз күчтөрүнүн топтору учкучсуз аппаратта 82 миллиметрлик жарылуучу заттын бар экенин аныктады.

Жардыргыч зат пульттун жардамы менен жок кылынды.

Коргоо министри Тодор Тагарев дрондун кайдан жөнөтүлгөнү аныктала электигин, бирок анын Орусия-Украина согушуна байланыштуу экенин билдирди.

Жок кылуу иштеринин бардык коопсуздук чаралары көрүлүп аткарылганын кабарлаган Тагарев: «Мындай окуялар жума сайын болуп турат»,- деди.



Тектеш кабарлар