АКШдан Орусияга каршы жаңы санкциялар

OFACтын 100гө жакын санкция киргизгени кабарланган билдирүүдө, АКШнын Мамлекеттик департаменти да санкция тизмесине 70тен ашуун адамды кошкону маалымдалды.

2037802
АКШдан Орусияга каршы жаңы санкциялар

АКШнын Каржы департаменти, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон жана уланткандарга 100гө жакын жаңы санкция киргизилгенин жарыялады.

АКШнын Каржы департаментинин билдирүүсүндө, Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси тарабынан (OFAC) Орусиянын Украинага каршы согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алсыратуу үчүн орус элитасы, Орусиянын өнөр жай базасы, каржы мекемелери жана технология камсыздоочуларынын бутага алынганы айтылды. 

OFACтын 100гө жакын санкция киргизгени кабарланган билдирүүдө, АКШнын Мамлекеттик департаменти да санкция тизмесине 70тен ашуун адамды кошкону маалымдалды.

Билдирүүдө OFACтын Орусия-Украина согушунан пайда көргөндөрдү, ошондой эле аскердик материалдарды чыгаруу менен согушка түздөн-түз колдоо көрсөткөн Орусияда жайгашкан ишканаларды бутага алганы, санкциялардын Орусиянын жеткирүү чынжырын үзгүлтүккө учуратуу максатында да киргизилгени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар