Мароккодогу жер титирөө: 2 миң 946 каза болду
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндө маалымат берди.
2037118
Марокконун Марракеш шаарында 8-сентябрда болгон 7 баллдык жер титирөөдө каза тапкандардын саны 2 миң 946га жетти.
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 946га, жаракат алгандардын саны 5 миң 674кө жеткени белгиленди.
Жер титирөөдө каза болгондордун 2944үнүн сөөгү жерге берилгени маалымдалды.
Мароккодо 8-сентябрга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.10до күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.
Жер титирөөдөн Марракештен тышкары борбор шаар Рабат менен Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары да таасирленген.