Ливияда болгон селдеги жоготууларды алдын алууга болмок

Петтери Таалас БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү максаттары тууралуу «Илимде биригүү» аттуу отчетун бөлүштү.

2037475
Ливияда болгон селдеги жоготууларды алдын алууга болмок

Ливияда болгон селдеги жоготуулардын көпчүлүгүн өнүккөн эрте эскертүүчү системалары менен менен алдына алууга болмок.

Дүйнөлүк Метеорология  Уюмунун баш катчысы Петтери Таалас БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү максаттары тууралуу «Илимде биригүү» аттуу отчетун бөлүштү.

Ливиядагы селде каза болгондорго токтолгон Таалас, климаттык кырсыктарга каршы өнүккөн эрте эскертүү системаларынын маанисине токтолду.

Таалас : "Ливияда болгон  селдеги  жоготуулардын көпчүлүгүн өнүккөн эрте эскертүүчү системалары менен менен алдына алууга болмок",- деди. 

Селдин экономикалык кесепетинин да бар экендигин белгилеген Таалас : "(Эрте эскертүүчү системалары менен) Албетте, биз экономикалык жоготууларды толугу менен алдын ала албайбыз, бирок тиешелүү кызматтарды көрсөтүү менен бул жоготууларды азайта алабыз",- деди.  

Борбордук Жер Ортолук деңизде болгон жана  10 -  сентябрда Ливиянын чыгышына катуу таасирин тийгизген "Даниел"  бороону Бенгази, Бейда, Мерж, Сусе жана Дерна шаарларында селге себеп болду.

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтү сел апаатында 6 миң кишинин каза болгонун, миңдеген кишинин дайынсыз жоголгондугун жарыялаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар