Финляндияда териси баалуу жаныбарлар багылган фермадагы жаныбарлар жок кылынат

Финляндиянын  Азык-түлүк башкармалыгы куш тумоосуна чалдыккан фермалардагы норкалардын баарын жок кылуу  буйругун узартты.

2037501
Финляндияда териси баалуу жаныбарлар багылган фермадагы жаныбарлар жок кылынат

Финляндиянын  Азык-түлүк башкармалыгы куш тумоосуна чалдыккан фермалардагы норкалардын баарын жок кылуу  буйругун узартты.

Өлкөнүн маалымат каражаттары билдиргендей, куш тумоосунун териси баалуу жаныбарлар аркылуу адамдарга жугушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам калктын саламаттыгын коргоо максатында дагы 115 миңге жакын жаныбарды жок кылуу чечими кабыл алынды.

Финляндиянын Азык-түлүк башкармалыгы өткөн айда куш тумоосу диагнозу коюлган фермаларда болжол менен 135 миң жаныбарды, анын ичинде 50 миң норка, 79 миң түлкү жана 6 миң раконду жок кылуу чечимин чыгарган.

Учурда Остроботния аймагындагы 26 териси баалуу жаныбарлар  фермасында куш тумоосу аныкталган.

Бул фермалардын 11инде бардык жаныбарларды уктатууга чечим чыгарылды. 

Өткөн аптада териси баалуу жаныбарларды  багууга тыюу салууну талап кылган бир демилге кыска убакыттын ичинде 50 миңден ашуун кол топтоп, парламентке жөнөткөн.

 

 



Тектеш кабарлар