Вьетнамда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Өрттөн 8 адамдын каза болгондугу билдирилди.
2036848
Вьетнамда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн алдын ала маалыматтарга караганда 8 адамдын каза болгондугу жарыяланды.
Өрт борбор шаар Ханойдо 10 кабаттуу үйдөн чыккан.
Алгачкы маалыматтарга караганда, топтор 8 адам каза болгонудугу билдирилген өрттү көзөмөлгө алып, 70 адам куткарылды. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Бийлик имаратта 150гө жакын адамдын жашай турганын билдирди.
Имаратта авариялык тепкичтин жок экендиги маалымдалды.