Францияда iPhone 12лердин сатылышына тыюу салынды

ANFRдин билдирүүсүнө караганда, 141 телефон үлгүсүндө жасалган көзөмөлдө iPhone 12лердин Европада уруксат берилген радиация көлөмүнөн ашып кеткендиги аныкталды.

2036883
Францияда  iPhone 12лердин сатылышына тыюу салынды

Францияда  iPhone 12лердин сатылышына  кийинки эскертүүгө чейин тыюу салынды.

Санариптештирүү жана телекоммуникациялар боюнча жооптуу министр Жан-Ноэль Барро Х социалдык медиа платформасынан берген билдирүүсүндө  америкалык технология  гиганты Apple жаңыртылганга чейин Францияда iPhone 12 үлгүсүндөгү телефондорду сатуунун токтотулганын билдирди.

Электрондук аппараттар чыгарган электромагниттик толкундардын көлөмүн көзөмөлдөгөн ANFRдин билдирүүсүнө караганда, 141 телефон үлгүсүндө жасалган көзөмөлдө iPhone 12лердин Европада уруксат берилген радиация көлөмүнөн ашып кеткендиги аныкталды.

Европада бир телефон чөнтөктө же колдо болгондо эң көп  4W/кг радиация көлөмүнө ээ болушу керек болсо, ANFR  бул көлөмдүн iPhone 12 үлгүсүндөгү телефондо  5,74  W/кг  экендигин ортого салды. 

 

 



Тектеш кабарлар