Ллойд Остин Рустеа Умеровду куттуктады

АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Остин министр Умеров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2036224
Ллойд Остин Рустеа Умеровду куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министри Ллойд Ж. Остин Украинада коргоо министри болгон Рустем Умеровду куттуктап, АКШнын Украинага колдоосун чечкиндүүлүк менен уланта тургандыгын билдирди.

АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Остин министр Умеров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө  Остин Умеровду жаңы кызматы менен куттуктап, АКШ Украинаны (2022-жылдын 24-февралынан бери Россия менен согушуп жаткан) колдоосун уланта турганын баса белгиледи.

АКШнын Украинага берген коопсуздук жардамын сүйлөшкөн тараптар Украинанын согуш талаасындагы чукул муктаждыктары тууралуу да пикир алмашышты.

Остин менен Умеровдун байланыштарынын улана тургандыгы кабарланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3 - сентябрда Крым татары түрк Умеровду коргоо министри кылып дайындоо чечимин кабыл алгандыгын билдирген.

Умеровдун талапкерлигин Украина парламенти (Жогорку Рада) 6-сентябрда бекиткен.

Ушундайча 1982 - жылы туулган Умеров Украинанын тарыхында министрлик кызматты аркалаган биринчи Крым татар түркү болду.



Тектеш кабарлар