Карабахта болгон "президенттик шайлоого карата каршы чыгуулар

АКШ Азербайжанга караштуу Карабахта армян күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү жерлерде болгон «президенттик шайлоонун» таанылбагандыгын  билдирди.

2036192
Карабахта болгон "президенттик шайлоого карата каршы чыгуулар

АКШ Азербайжанга караштуу Карабахта армян күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү жерлерде болгон «президенттик шайлоонун» таанылбагандыгын  билдирди.

АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Мэтью Миллер маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын Армения менен Азербайжандын маселелерин диалог аркылуу чечүү үчүн колдоосун уланта турганын белгилеген Миллер, Лачын коридору менен Агдам жолун ачуу чакырыгын кайталады.

Миллер : «Мындан мурда да айткандай  Карабах аймагын көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет катары тааныбайбыз. Ушул себептен президенттик шайлоонун жыйынтыктарын да тааныбайбыз»,- деди.

Грузиянын тышкы иштер министрлиги да Азербайжандын Карабах аймагында армян күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда өткөрүлгөн президенттик шайлоону тааныбаганын билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Грузиянын Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдогондугу белгиленди.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги да Азербайжандын Карабах аймагында, армян күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда өткөн президенттик шайлоону айыптады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Өзбекстандын Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн бекем колдогону баса белгиленди.

Карабахтагы легитимсиз армян күчтөрү 9 - сентябрда өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда “президенттик шайлоо”  өткөрүштү.

Азербайжан башкаруучулугу болсо Карабахтагы армян күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда өткөрүлгөн  шайлоону айыптап «өлкөнүн эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө кол салуу» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар