Пакистанда бомбалуу кол салуу болду

Бомбалуу кол салууда 1 аскер каза болуп, 6 аскер жана 3 жаран жаракат алды.

2035755
Пакистанда бомбалуу кол салуу болду

Пакистандын Пешавар шаарында аскердик унаа өтүп бара жатканда жардырылган бомбадан бир аскер каза болду.

Geo News телеканалынын кабарына караганда, Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Пешавар шаарындагы эл көп жүргөн көчөдө күзөттө турган аскердик унаа колго жасалган жардыруучу зат менен бутага алынган.

Бомбалуу кол салууда 1 аскер каза болуп, 6 аскер жана 3 жаран жаракат алды.

Жооптуу кызматкерлер жарадар болгон эки аскердин абалы оор экенин жарыялашты.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар