НАТОнун Орусияга таандык учкучсуз учуучу аппараттардын бөлүктөрү боюнча билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг социалдык медиа платформасы X аркылуу маалымат бөлүштү.

2035235
НАТОнун Орусияга таандык учкучсуз учуучу аппараттардын бөлүктөрү боюнча  билдирүүсү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Орусиянын Украинага кол салуу үчүн колдонгон учкучсуз учуучу аппаратынын (УУА) бөлүктөрүнүн Румынияда табылганына байланыштуу «НАТОго сокку уруу ниети боюнча эч кандай белги жок» деп түшүнүлгөнүн билдирди.

Столтенберг социалдык медиа платформасы X аркылуу НАТОнун өлкөсү Румынияда Орусиянын Украинага кол салуу үчүн колдонгон учкучсуз учуучу аппараттардын бөлүктөрү табылганы боюнча Румыниянын президенти Клаус Йоханнис менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады.

«НАТОго сокку уруу ниети тууралуу эч кандай белги жок, бирок бул туруксуздукка алып келет», - деп айткан Столтенберг: «Румыния менен тилектешпиз»,-деди.

Румыниянын коргоо министри Анхель Тилвар 6-сентябрда алар Орусия Украинага кол салуу үчүн колдонгон учкучсуз учуучу аппаратка таандык деп шектенген бөлүктөрүн НАТОго мүчө өлкөнүн аймагында табышканын билдирген.



Тектеш кабарлар