Индия G20 төрагалыгын Бразилияга өткөрүп берди

Бразилия 1-декабрдан тарта милдеттене турган G20нын төрагалыгы 2025-жылы Түштүк Африкага, 2026-жылы Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) өтөт.

2035312
Индия G20 төрагалыгын Бразилияга өткөрүп берди

Индиянын борбору Нью-Делиде өткөн Чоң жыйырмалыктын саммитинде Индия G20нын мөөнөттүү төрагалыгын Бразилияга өткөрүп берди.

Саммиттин жабылыш жыйынында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди төрагалыктын балкасын Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силвага тапшырды. Ошентип Чоң жыйырмалыктын мөөнөттүү төрагалыгы Бразилияга өттү.

Бразилия 1-декабрдан тарта милдеттене турган G20нын төрагалыгы 2025-жылы Түштүк Африкага, 2026-жылы Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) өтөт.

2024-жылдагы төрагалык мөөнөтүндө Бразилия жакырчылыкка, туруктуу өнүгүүгө жана Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши (БУУКК) сыяктуу глобалдык уюмдарда реформаларга артыкчылык берет.

Бир тараптан Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жыйынтыктоочу сөзүндө ноябрда онлайн лидерлер саммитин өткөрүүнү сунуштады.

Вьетнамга сапары үчүн Индиядан кеткен АКШнын президенти Жо Байден X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө саммитке баа берди.

Байден: «Дүйнөлүк экономика климаттык кризис, морттук жана кагылышуу сыяктуу олку-солкулуктардан жапа чегип жаткан учурда, быйылкы G20 саммити биздин эң орчундуу көйгөйлөрүбүздү чечүүгө дагы эле жардам бере аларын далилдеди»,-деп өзүнүн баа берүүсүн жасады.



Тектеш кабарлар