Канададагы токой өрттөрү уланууда
Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, өрт кырсыгынан улам 232 миң адам эвакуацияланды.
2034956
Канадада уланып жаткан 1052 токой өртүнөн 791 өрт көзөмөлгө алына албады.
Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, өрт кырсыгынан улам 232 миң адам эвакуацияланды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен берилген маалыматта өлкө боюнча уланган 1052 токой өртүнүн 791инин көзөмөлгө алына албай жаткандыгы белгиленди.
Департаменттин башкы директору Майкл Мартин : "Акыркы божомолдор Канаданын ортңку бөлүктөрүндө, Альбертанын чыгышынан Онтприонун борборуна чейин токой өрттөрүнүн күчөө потенциалы бар экендигин көрсөтүүдө",- деди.
Министрлик бул жылы өлкө боюнча 6 миң 174 өрт кырсыгынын катталганын белгиледи.
Өлкөдө бул сезондо болжол менен 165 миң чарчы километр аянттын күйгөндүгү, өрттөрдүн жайылышынын уланып жаткандыгы билдирилди.