Зеленский Европа Биримдигинин Украинага дан экспортуна чектөө киргизишине каршы

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа Биримдигинин  өлкөсүнүн дан экспортуна койгон чектөөлөрүнө каршы экендиктерин билдирди.

2034415
Зеленский Европа Биримдигинин Украинага дан экспортуна чектөө киргизишине каршы

Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа Биримдигинин  өлкөсүнүн дан экспортуна койгон чектөөлөрүнө каршы экендиктерин билдирди.

Зеленский онлайн катышкан Үч деңиз демилгеси саммитинде актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

Владимир Зеленский Европа Биримдигинин 5 өлкөнүн Украинадан дан импорттоосун чектегендигине көңүлдөрдү буруп : "Украина алдыда дан экспортуна карата чектөөлөрдүн улантылышына каршы. Украинанын экспортуна карата кандайдыр бир чектөө орус террористтер жол ачкан кыйроолордун кеңейтилиши деген мааниге келет",- деди. 

Европа Биримдиги  комиссиясына кайрылган Зеленский өлкөсүнүн эркин атаандаштыкка кийлигишпегендигин баса белгилеп :  «Бизге берилген убадалардын, Ассоциация келишиминин, эркин базар шарттарынын бузулушун кабыл албайбыз. Европа мекемелери Европада  көңүл калууларды күчөтпөшү керек. Европадан берилген билдирүүлөргө жана убадаларга болгон  ишенимди арттырышыбыз керек»,- деди. 

Зеленский Украинанын Еврпанын баалуулуктары үчүн күрөшүп жаткандыгына көңүлдөрдү буруп : "Бирок Украина жана орток Европа негиздери үчүн арбитраждык соттордо күрөшүү керек болсо муну каалабасак да аткарабыз. Керек болсо эл аралык уюмдар патформаларында күрөшөбүз",- деди. 

Европа Биримдиги июнь айында Польша, Венгрия, Румыния, Словакия жана Болгариянын Украинадан дан продукцияларын экспорттоону чектөөсүн  15 -  сентябрга чейин узарткан. 

 

 

 



Тектеш кабарлар