Нигерияда сот Тинубунун жеңишин тастыктады

Нигерияда 25 - 26 - февралда өткөн шайлоодо президент болуп шайланган Бола Ахмед Тинубунун жеңиши сот тарабынан да тастыкталды.

2034354
Нигерияда сот Тинубунун жеңишин тастыктады

Нигерияда 25 - 26 - февралда өткөн шайлоодо президент болуп шайланган Бола Ахмед Тинубунун жеңиши сот тарабынан да тастыкталды.

Борбор шаар  Абуджадагы сот негизги оппозициядагы Элдик Демократиялык партиянын (ПДП) талапкери Атику Абубакар менен Жумушчу  партиясынын (ЛП) талапкери Питер Обинин нааразычылыгын карап чыкты.  

Сот талапкерлердин каршы пикирлерин "негизсиз" деп таап, Тинубуну Нигериянын  шайланган мамлекет башчысы экендигин бекитти.

Өлкөдө  25 - 26 -  февралда  болгон президенттик шайлоодо бийликтеги партия Бардык прогрессивдүү конгресстин (APC) талапкери Тинубунун 37 пайыздык добуш алгандыгы, негизги оппозиция партиясы ПДПнын талапкери Атику Абубакардын 29 пайыз жана ЛПнын талапкери Обинин 25 пайыз добуш алгандыгы билдирилген. 

Абубакар менен Оби сотто Нигерия Көз карандысыз Улуттук Шайлоо Комиссиясы жыйынтыктарды  веб - сайтына жүктөбөгөндүгү жана айрым мыйзам бузууларды айтып Тинубунун жеңишине нааразычылык билдиришкен. 

Каршы чыгууларга карабастан Тинубу  29 - майда кызматка киришкен.

 

 



Тектеш кабарлар