Блинкен АКШнын Украинага жаңы жардам пакетин жарыялады

Блинкен «күтүүсүздөн» барган Украинада президент Владимир Зеленский, премьер-министр Денис Шмигал жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту.

2034237
Блинкен АКШнын Украинага жаңы жардам пакетин жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага жасаган сапары учурунда бул өлкөгө 1 миллиард долларлык жаңы жардам пакетин жарыялады.

Блинкен «күтүүсүздөн» барган Украинада президент Владимир Зеленский, премьер-министр Денис Шмигал жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту.

Зеленский жана Шмигал менен жолугушуунун алдында басма сөзгө маалымат берген Блинкен, АКШнын Украинаны колдоону уланта турганын баса белгиледи.

Блинкен украиналык кесиптеши Кулеба менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Зеленскийдин фронттогу тажрыйбаларын биринчи ооздон укканын белгилеген Блинкен: «Украинанын Орусияга контрчабуулдарында акыркы жумаларда чындап жылыштар болду»,-деди.

Блинкен, АКШнын Украинага жаңы 1 миллиард долларлык жардам пакетин жарыялап жатып: «Учурда уланып жаткан контрчабуул акыркы жумаларда күч алды. Бул ылдамдык Украинага бере турган жаңы жардамыбыз менен дагы ылдамдайт»,-деди.

Сөз болгон жардам пакетинин алкагында Украинага 175 миллион долларлык коргонуу жардамы берилет. Бул жардамга жогорку эффективдүү артиллериялык ракета системасы (HIMARS) ракеталары, Javelin броне тешип өтүүчү ракеталык системалар, танкка каршы системалар жана Abrams танктары үчүн урандуу танктын ок-дарылары кирет.

Пакеттин 300 миллион доллары Орусиядан алынган аймактарда тартипти орнотуу үчүн укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүнү камтыйт.

Пакеттин 100 миллион доллары «чет элдик аскердик каржылоо», 206 миллион доллары гуманитардык жардам катары берилет. Калган бөлүгү Украинанын узак мөөнөттүү муктаждыктары үчүн камсыздалат.



Тектеш кабарлар