Ак үйдөн Түндүк Кореяга Орусияга курал сатпоо боюнча эскертүү...

Кирби борбор калаа Вашингтондогу Чет элдик басма сөз борборунда Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы курал сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2034421
Ак үйдөн Түндүк Кореяга  Орусияга курал сатпоо боюнча эскертүү...

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби, Түндүк Кореянын Украинадагы согушта колдонуу үчүн Орусияга курал-жарак жеткирүүсүнүн «кесепеттери» болорун айтты.

Кирби борбор калаа Вашингтондогу Чет элдик басма сөз борборунда Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы курал сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түндүк Кореянын Орусияга маанилүү көлөмдөгү курал-жарак берип же бербегени тууралуу «дүң сатуу боюнча эч кандай маалыматы болбогонун» белгилеген Кирби, «Пхеньяндын Орус армиясына чоң өлчөмдөгү ок-дары бергенин көргөн жокпуз. Вагнерди ракета жана артиллериялык ок-дары менен камсыз кылганын билебиз. Бул бир нече ай мурда болгон»,-деп айтты.

Жон Кирби эгер Москва менен Пхеньян мыйзамсыз курал-жарак келишимине жетишсе, аны коомчулукка алып чыгуудан тартынбай турганын айтты.

АКШнын Түндүк Корея менен бул темада түздөн-түз байланышта болбогонун белгилеген Кирби, «Пхеньян менен Москванын ортосунда курал темасында келишим болбогондуктан АКШнын бул темада өнөктөштөрү менен активдүү диалогдо болбогонун» белгиледи.

Кирби Түндүк Кореянын Орусияга курал-жарак берүүсү «жаман жыйынтыкка» ээ болорун жана АКШ менен башка өлкөлөрдүн реакциясына дуушар болорун баса белгиледи.

Март айында Ак үй Орусия Түндүк Корея менен курал-жаракка азык-түлүк алмашуу боюнча келишимин түзгүсү келгенин көрсөткөн чалгын маалыматтарын чогултканын ырастады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 29-июлда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түндүк Кореяга курал сатып алуу үчүн барган болушу мүмкүн экенин билдирген.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан кечээ Түндүк Корея Орусияга курал-жарак жеткирсе, «анын кесепеттери болот» деп эскерткен.



Тектеш кабарлар