Жалпы дүйнөдө 50 жашка чейинки рак бейтаптарынын саны өсүүдө

Бир илимий изилдөө жалпы дүйнөдө  50 жашка чейинки кишилерде рак оорусунун катнашы акыркы  30 жылда  80 пайызга өскөндүгүн ортого салды.

2033781
Жалпы дүйнөдө 50 жашка чейинки рак бейтаптарынын саны өсүүдө

Бир илимий изилдөө жалпы дүйнөдө  50 жашка чейинки кишилерде рак оорусунун катнашы акыркы  30 жылда  80 пайызга өскөндүгүн ортого салды. 

Глобалдык эрте башталган (50 жашка чейин) рак беутаптары  1990 -  жылы  1,82 миллиондон  2019 - жылы  3,26 миллионго жогорулады.

Бул мезгилде 40, 30 жаштагы жана андан кичүү курактагы адамдардын рак оорусунан каза болушу 27 пайызга өстү. 

2019 - жылы 50 жашка чейинки 1,06 миллион адам рактан каза болгон; бул 1990 - жылдагы көрсөткүчкө караганда 27 процентке көбөйдү.

Адистер бейтап санынын көбөйүшүнүн себептерин туура эмес тамактануу, спирт ичимдиктерин жана тамеки чегүү, кыймылсыздык жана семирүү деп билдирди.

"1990 - жылдан бери дүйнө жүзү боюнча эрте пайда болгон рак оорусу жана өлүмү бир топ өстү",-  деп белгиленген  изилдөө отчетунда : "Сергек жашоо образын жайылтуу, туура тамактануу, тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди колдонууну чектөө, ошондой эле ачык абада  басуу эрте пайда болгон рактын жүгүн азайтышы мүмкүн",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар