Кения бардык өлкөлөр үчүн визаны алып салууну пландаштырууда

Руто өлкөсүнүн бүткүл адамзаттын үйү экенин белгилеп: «Бир нече айдан кийин биз бардык визаларды алып салууну пландап жатабыз»,-деди.

2033010
Кения бардык өлкөлөр үчүн визаны алып салууну пландаштырууда

Кениянын президенти Уильям Руто, өлкөсүнүн бир нече айдын ичинде бардык өлкөлөргө виза жеңилдиктерин берүүнү пландап жатканын жарыялады.

«The Star» гезитинин кабарына караганда, борбор шаар Найробиде өткөрүлгөн Африка Климат саммитинде сөз сүйлөгөн Руто, Кениянын адамзаттын алгачкы отурукташкан жерлерине кожоюндук кылганына көңүл буруп, бул жерге келгендерден виза талап кылуунун туура болбой турганын айтты.

Руто өлкөсүнүн бүткүл адамзаттын үйү экенин белгилеп: «Бир канча айдын ичинде бардык визаларды алып салууну пландап жатабыз»,-деди.

Кызматка киришкенден бери көптөгөн өлкөлөр менен визаларды жокко чыгарган Руто, буга чейин бардык африкалыктардын визадан бошотуларын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар