Резников отставкага кетүү тууралуу арызын жазды

Резников кызматынан кеткендигине байланыштуу социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

2032790
Резников отставкага кетүү тууралуу арызын жазды

Украинанын коргоо министри Алексей Резников отставкага кетүү тууралуу арызын Жогорку Раданын төрагасына тапшырганын билдирди.

Резников кызматынан кеткендигине байланыштуу социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

Отставкага кетүү тууралуу арызын Жогорку Раданын төргасы Руслан Стефанчукка тапшырганын айткан Резников: «Украина элине кызмат кылуу жана Украинанын заманбап тарыхындагы эң оор мезгил болгон соңку 22 айдын ичинде украин армиясы үчүн иштөө мен үчүн сыймык болду»,-деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский крым татар түркү Рустем Умеровду коргоо министри кылып дайындоо чечимине келгенин билдирген.

Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Украинанын Коргоо министрин алмаштырууну чечтим. Алексей Резников 550 күндөн ашык убакытка созулган масштабдуу согушту башынан өткөрдү. Министрликтин армияга да, коомчулукка карата да жаңы мамилелерге жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларына муктаждыгы бар деп эсептейм. Эми министрликти Рүстам Умеров жетектеши керек»,-деген.

Зеленский парламенттин бул чечимди колдой турганын үмүт кылганын маалымдаган.

Алексей Резников 2021-жылдан бери Украинанын коргоо министри болуп келген.

Рүстем Умеров ким?

1982-жылы туулган Умеров Украинанын тарыхында министр кызматына келген биринчи крым татары болуп калды.

Крым татар түрк элинин лидери жана Украина депутаты Мустафа Абдүлжемил Кырымоглунун кеңешчиси болгон Умеров, буга чейин Украинанын Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы жана Украина президентинин атайын өкүлү болуп иштеген.

Президенттикке караштуу Украинанын араб жана мусулман мамлекеттери менен өз ара аракеттенүүсү боюнча консультативдик кеңешинин комиссары Умеров, 2022-жылдын февраль айынан бери Украинанын Орусия менен сүйлөшүү тобунда иштеп жатат.



Тектеш кабарлар