Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине Орусия, Беларусь жана Иран чакырылбайт

Нобель фонду 31-августта, 10-декабрда өтө турган Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине Орусия, Беларусь жана Иранды чакыруу чечимин кабыл алган.

2032369
Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине Орусия, Беларусь жана Иран чакырылбайт

Нобель фонду 10-декабрда өтө турган Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине Орусия, Беларусь жана Иранды чакыруу чечими жокко чыгарылганын жарыялады.

Фонддун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Швециянын борбор шаары Стокгольмдо боло турган сыйлык тапшыруу аземине аталган өлкөлөрдүн элчилерин чакыруу реакцияларды жаратты. Бул реакцияларга көңүл бурулуп Орусиянын, Беларустун жана Ирандын чакыруусун кайтарып алуу менен протоколду 2022-жылдагыдай ишке ашырабыз»,деген сөздөр орун алган.

Нобель фонду 31-августта, 10-декабрда өтө турган Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине Орусия, Беларусь жана Иранды чакыруу чечимин кабыл алган.

Бул чечим өкмөттүн, оппозициянын жана королдук үй-бүлөнүн катуу реакциясын жаратты.

Швециянын расмий маалымат агенттиги ТТнын кабарына караганда, премьер-министр Ульф Кристерссон: «Кимди чакырууну Нобель фонду табигый түрдө чечет, бирок башка көптөгөн өлкөлөр сыяктуу мен да Орусиянын чакырылганына абдан таң калдым. Бул чакыруу Швеция жана Украинада көп адамдарды капа кылып жатканын түшүнөм»,-деп баа берген болчу.

Швециянын королу Карл 16-Густаф бул чечимге абдан таң калганын жана Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине катышуу чечимин кайра карап жатканын айтты.

Борбор партиясынын (С) лидери Мухаррем Демирок жана Солчул партиянын (V) лидери Нооши Дадгостар да Орусия чакырылгандыктан Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине катышпай турганын жарыялашты.

Швециянын Либералдык партиясынын депутаты Карин Карлсбро Нобель фондун «Украинадагы маданий борборлорго ракеталар түшүп, балдар каза болуп жатканда Орусияны жаркыраган кечеге чакырууга жашыл жарык берип, коркунучтуу прецедент түздү» деп айыптады.

Өткөн жылы сыйлык тапшыруу аземине Орусия менен Белоруссия «Орусиянын Украинага басып кирүүсү» жана Иран «өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун сындады» деген жүйө менен чакырылган эмес.



Тектеш кабарлар