БУУ : "Малиде 200 миң бала ачкачылыктан өлүмгө дуушар болушу мүмкүн"

БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) тема боюнча биргелешкен билдирүү жарыялады.

2032132
БУУ : "Малиде  200 миң бала ачкачылыктан өлүмгө дуушар болушу мүмкүн"

Малиге керектүү жардам жеткирилбесе жылдын аягына чейин 200 миң баланын ачкачылыктан өлүшү мүмкүн экендиги эскертилди.

БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) тема боюнча биргелешкен билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө, улантылып жаткан кагылышуулар, жер которуу жана чектелген гуманитардык жардамдардан улам жылдын аягына чейин 5 жашка чейинки 1 миллионго жакын баланын жетишсиз тамактанууга дуушар  болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

Мали калкынын дээрлик төрттөн бир бөлүгүнүн азык - түлүк коопсуздугу менен күрөшүп жатканына көңүл бурулган билдирүүдө араларында балдар  да болгон  2500  кишинин Менака аймагында ачарчылык коркунучу алдында тургандыгы маалымдалды. 

Билдирүүдө дүйнөдөгү көптөгөн көйгөйдүн арасында  "кимдин куткарыларын тандоо мүмкүнчүлүгүнүн" жок экендигине көңүл бурулуп, Малидеги гуманитардык кризисти ылдам түрдө чечүүнүн чоң мааниге ээ экендиги баса белгиленди. 

"Малиге керектүү жардам жеткирилбесе, 2023 - жылдын аягына чейин 200 миң бала ачкачылыктан өлүшү мүмкүн»,-деген эскертүү берилген билдирүүдө   абалдын олуттуулугуна карабастан өлкөгө карата жардам  фондунун өтө төмөн деңгээлде экени баса белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар