Пакистан толук коопсуздук түзүүгө чакырды

Пакистан БУУнун Тынчтык күчү элементтеринин кагылышуу аймактарында милдетин аткарып жаткан учурда «толук коопсуздукту» түзүүгө чакырды.

2031924
Пакистан толук коопсуздук  түзүүгө чакырды

Пакистан БУУнун Тынчтык күчү элементтеринин кагылышуу аймактарында милдетин аткарып жаткан учурда «толук коопсуздукту» түзүүгө чакырды.

Пакистандын убактылуу өкмөтүндө тышкы иштер министри кызматын аткарган Жалил Аббас Жилани БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн элементтеринин өлүмүнүн көбөйүшүнө көңүл буруу керектигин билдирди.

Борбор шаар Исламабадда министрлер деңгээлинде БУУнун Тынчтык күчтөрүнүн коопсуздугу боюнча жылдык даярдык жыйынында сөз сүйлөгөн Жилани : «БУУнун Тынчтык күчүнө зыян келтирген же коркуткан адамдарды же топторду жоопкерчиликке тартууда компромисске барбашыбыз керек",- деди.

Жилани Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бардык өлкөлөрдүн БУУнун Тынчтык  күчтөрү элементтеринин коопсуздугун камсыз кылууда чечкиндүү экенин баса белгиледи.

Колдо жасалган жардыргыч заттардын өзгөчө тынчтыкты орнотуу миссиялары үчүн олуттуу коркунуч туудурганын белгилеген Жилани, БУУга мүчө өлкөлөрдүн миссия алдындагы машыгууларын күчөтүүнү сунуштады.

Жилани Пакистандын БУУнун Тынчтыкты сактоо миссияларына 4000ден ашуун аскер кошкону менен сыймыктанганын айтып,  172 пакистандык да араларында болгон, кызмат учурунда өлтүрүлгөн тынчтык күчтөрүнүн курмандыктарын да эске салды.



Тектеш кабарлар