Кулеба Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынына катышты

Украинанын тышкы иштер министри   Россияга   каршы чабуулдарды  сынга алуу “согушта курман болгон украин аскерлеринин бетине түкүргөнгө” барабар экендигин айтты.

2031525
Кулеба Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынына катышты

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба  Россияга   каршы чабуулдарды  сынга алуу “согушта курман болгон украин аскерлеринин бетине түкүргөнгө” барабар экендигин айтты.

Кулеба Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу  Испаниянын жетекчилигинде  Толедо шаарында  өткөрүлгөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынына катышты.

Испаниялык кесиптеши Хосе Мануэль Альбарес менен болгон эки тараптуу жолугушуусунан кийин басма сөзгө билдирүү жасаган Кулеба, Россияга каршы чабуулдарын сындаган өлкөлөргө кайрылып : "Чабуулдарды  сынга алуу – Украинанын бир чарчы сантиметр жерин  сактап калуу үчүн согушта курман болгон украин аскерлеринин бетине түкүрүү болот",- деди.

Европа Бирмдигинин тышкы иштер министрлеринен өлкөсүнө дагы көп аскердик техника жиберүү талабын кайталаганын белгилеген Кулеба, ушунун негизинде   Испаниядан дагы көп танк, бронетехника жана коргонуу системаларын сурангандарын айтты.

Украинанын тышкы иштер министри : "Биз согушта жеңишке жеткенде, коомчулуктун алдына чыгып, бизге мындан ары куралдын кереги жок экендигин айтамын.  Бирок согушууну уланткан сайын бизге дагы көп курал керек болот. Бул ач көздүктөн эмес, өлкөбүздүн жерлерин коргоо,  жоготкондорду кайтарып алуу жана Европада тынчтыкты калыбына келтируу үчүн»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар