Британиянын коргоо министри кызматынан кетти
Уоллес келерки 10 жылда дүйнөнү кооптуу жана туруксуз абалга келери тууралуу ишенимин да бөлүшүп : "Бүгүн келечекке инвестиция салуунун учуру экендигин экөөбүз тең билебиз",- деди.
Премьер - министр Риши Сунакка жазган отставкага кетүү катында Уоллес министр катары 4 жылдык мөөнөтүнүн акырында заманбап, өзүнө ишенимдүү жана жакшы каржыланган куралдуу күчтөрдү калтыргандыгын белгиледи.
Уоллес келерки 10 жылда дүйнөнүн кооптуу жана туруксуз абалга келери тууралуу ишенимин да бөлүшүп : "Бүгүн келечекке инвестиция салуунун учуру экендигин экөөбүз тең билебиз",- деди.
Армияга 1991 - жылы кирген Уоллес өзүн өлкөсүнө кызмат кылууга арнагандыгын белгилеп : "Бул берилгендик мага жана үй - бүлөмө кымбатка турду. Көп убакыт ойлонгондон кийин отставкага кетүү чечимин чыгардым. 2005 - жылы депутат болдум жана ушунча жылдан кийин эми турмуштун калган бөлүгүнө инвестиция салуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуунун учуру келди",- деди.
Уоллестин отставкасын кабыл алган Сунак : "8 жылдык оор министрлик кызматты аткарып акырында отставкага кетүү каалооңузду толугу менен түшүнөм. Кызматыңыздан ыраазычылык жана урмат - сый менен кетип жатасыз",- деди.
Коргоо министрлигинде Уоллестен бошогон орундукка Энергетика коопсуздугу боюнча жооптуу мамлекетиик министр Грант Шаппс дайындалды.
Бул тууралуу премьер - министрликтен берилген билдирүүдө Король III Чарльздын дайындоо чечимин бекиткени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.