Тажикстанда нөшөрлөгөн жамгыр: 13 адам каза болду
Билдирүүдө, «Президент Имамали Рахман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты»,деген маалымат орун алган.
2029901
Тажикстанда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 13 адам каза болду.
Тажикстандын президенттик аппаратынын билдирүүсүндө кечээ күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Вахдат шаарында 11, Рудаки районунда 2 адам каза болгон.
Билдирүүдө, «Президент Имамали Рахман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты»,деген маалымат орун алган.
Билдирүүдө ошондой эле президент Рахман өлкөнүн премьер-министрине, Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелерге табигый кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү жана анын кесепеттерин мүмкүн болушунча тезирээк жоюуну тапшырганы белгиленген.