Россиянын Тергөө комитети 10 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын билдирди

Тергөө комитетинин билдирүүсүндө Тверде кыйраган жеке учак боюнча кенен түрдөгү иликтөөнүн уланып жатканы белгиленди.

2029426
Россиянын Тергөө комитети 10 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын билдирди

Россиянын Тергөө комитети Тверде кулаган жеке учактын калдыктарынан 10 адамдын сөөгү табылгандыгын билдирди.

Тергөө комитетинин билдирүүсүндө Тверде кыйраган жеке учак боюнча кенен түрдөгү иликтөөнүн уланып жатканы белгиленди.

Учакка тиешелүү кара кутунун табылганына көңүл бурган билдирүүдө : "Учак кырсыгына байланыштуу  бардык шарттардын аныкталышы үчүн керектүү буюм жана документтер конфискацияланды. Керектүү соттук - медициналык анализдер да жүргүзүлүүдө. Окуяга байланыштуу бардык варианттары тергөөнүн алкагында кылдат текшерилет",- деп айтылды.

Жеке учактын урандыларынан  10 кишинин сөөгүнүн табылгандыгы белгиленген билдирүүдө : "Каза болгон кишилердин өздүгүнүн белгилениши үчүн молекулярдык -  генетикалык тест жасалууда",- деген маалымат берилди. 

Россиянын Федералдык аба транспорту агенттигинен 23 -  августта берилген маалыматта ичинде Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин да бар экендиги белгиленген жеке учактын Тверде  кырсыкка учурашы менен 10 кишинин каза болгондугу билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар