Нигерияда барымтага алынган студенттер үчүн кун талап кылынды

Ар бир студент үчүн 4 миллион наира (болжол менен 5200 доллар) кун талап кылынды.

2029467
Нигерияда барымтага алынган студенттер үчүн кун талап кылынды

Нигериянын Замфара штатында 11 - августта жүргүнчүлөрдү ташыган автобуска жасалган куралдуу кол салууда  барымтага алынган 8 студент үчүн кун талап кылынды.

Улуттук маалымат каражаттарынын жазганына караганда, уурдалган студенттердин биринин атасы телефон чалган адамдардын ар бир студент үчүн 4 миллион наира (болжол менен 5200 доллар) төлөп берүүнү талап кылып, эгер кун төлөнбөсө студенттерди өлтүрүү коркутушканын билдирди.

Бир тараптан армия уурдалган студенттерди куткаруу үчүн операцияларын улантып жаткандыгын жарыялады.

11 - августта Аква Ибом штатынан Сокото штатына бараткан университет студенттерин ташыган автобуска куралчан кишилер кол салып, сегиз студент барымтага алынган.



Тектеш кабарлар