Швейцария афгандарга атайын паспорт берет

Швейцарияда жашаган 30 миңден ашуун афгандын өз өлкөсүнөн документ алуу, саякатка чыга албай калуу сыяктуу көйгөйлөргө туш болгону белгиленди.

2029153
Швейцария афгандарга атайын паспорт берет

Швейцария өлкөдө жашаган, жарактуу расмий документи жок жана  “мекенсиз” деп эсептелген афгандарга  атайын паспорт берет.

Швейцариянын Миграция боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SEM) басма сөз катчысы Даниел Бах өлкөдө жарактуу расмий документи жок жашаган афгандарга  Швейцариянын атайын паспортун (жашыл паспорт) алуу укугун берерин билдирди.

Бах бул паспортту алган афгандардын көптөгөн өлкөлөргө бара ала тургандыгын айтты.

Миграция катчылыгы  муну июль айында афгандардын  өлкөлөрүнөн документ алууларынын мүмкүн эмес экендигин жана ушул себептен  "мекенсиз"  болуп эсептелүүсү керектигин белгилеген сот чечиминен кийин баштады.

Бул чечимге 24 жаштагы афган Фарид Абделхактын Швейцариядан чыгышына эч кандай уруксаттын берилбей тургандыгын кабыл албашы себеп болду. 

7 жыдан бери  Швейцарияда жашаган жана жашоого уруксаты бар Абделхак Талибандын  2021 -  жылы башкарууну колго алышынан кийин өлкөсүнөн талап кылган документтерди ала албашынан улам саякатка чыга албай жатат.

Абделхак 2021 -  жылдан тарта бир канча жолу Женевадагы Афганистан элчилигине паспорт алуу үчүн баргандыгын бирок паспорт алуунун мүмкүн болбогондугун билдирди.

Ушул себептен саякатка чыгуу документтери жана паспорт үчүн Швейцариянын Миграция боюнча мамлекеттик катчылыгына кайрылып бирок кайрылуусу четке кагылган Абделхак сот ишин баштатты.

Фдералдык башкаруу соту Абделхакка жашыл паспорттун берилиши тууралуу чечим чыгарды. Абделхактын швейцариялык адвокаты Сандра Гислер чечимдин бурулуш жери болгондугун айтты. 

Ушундай абалдагы афгандардын чет элдиктрһерге берилүүчү атайын жашыл паспорт ала алары да белгиленди. 

Швейцарияда жашаган 30 миңден ашуун афгандын өз өлкөсүнөн документ ала албай жана  саякатка чыга албай калуу сыяктуу маселелерге туш болгону белгиленди.

 



Тектеш кабарлар