Россиянын президенти Путин аскерлерге кайрылды
Владимир Путин орус аскерлерине кайрылып : "Кызматыңар үчүн ыраазычылык билдирем, силер менен сыймыктанам",- деди.
Россиянын президенти Владимир Путин орус аскерлерине кайрылып : "Кызматыңар үчүн ыраазычылык билдирем, силер менен сыймыктанам",- деди.
Путин Курск облусундагы Понири шаарында мурдагы советтик аскерлердин Курск согушунда фашисттик баскынчыларды жеңишинин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанатта сөз сүйлөдү. Путин Курск согушунун 2 айга жакын созулгандыгын айтты.
Путин жеңиш үчүн күрөшкөндөрдү унутпай тургандарын белгилеп : "Бүгүн бул жерде, легендарлуу Курск аймагында 1943 - жылдын жайында фашисттер менен согушкан Курск согушунун баатырларына татыктуу болгон баатырларыбызга, аскерлерибизге, атайын аскердик операциянын катышуучуларына мамлекеттик жогорку сыйлыктар тапшырылат",- деди.
Бардык аскерлердин тайманбастан жана чечкиндүүлүк менен согушкандыгын белгилеген Путин "ата мекенге жана аскердик антка берилгендиктин атайын аскердик операциянын бардык катышуучуларын бириктиргендигин" айтты.
Владимир Путин орус аскерлерине кайрылып : "Кыматыңар үчүн ыраазычылык билдирем, силер менен сыймыктанам",- деди.