Грециядагы өрт

Грецияда 5 күндөн бери уланып жаткан жана отурукташуу жерлерин коркунучка салган өрттөрдү катуу шамалдан улам көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатат.

2028324
Грециядагы өрт

Грецияда 5 күндөн бери уланып жаткан жана отурукташуу жерлерин коркунучка салган өрттөрдү катуу шамалдан улам көзөмөлгө алуу мүмкүн болбой жатат.

Александруполидеги өрт 5 - күнүндө да уланып, өлкөнүн батыш канатында өрт күчөдү.

Батыш Фракиядагы Мерич жана Родопту да жабыркаткан Александруполидеги өрттүн себебинен бүгүн эртең менен Эгнатия жолу жабылды.

Салоникиге жана Европага барууну каалаган унааларга Болгария аркылуу өтүү сунуш кылынды. 

Улуттук байкоо үйү жана Экологиялык институтунун директору Никос Михалопулос өрттөрдөн улам абадагы бөлүкчө көлөмүнүн Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму белгилеген чек болгон  20 микрограммды ашып, 100  микрограммага жеткендигин белгиледи. 

Михалопулос бул көрсөткүчтөрдүн ден соолук үчүн өтө кооптуу экенин белгилеп, өзгөчө кары-картаңдарга жана дем алуусу начар адамдарга ачык абага чыкпоону сунуштады.

Өлкө боюнча ылдамдыгы саатына 70 чакырымга жеткен катуу шамал да өрт өчүрүү иштерин кыйындатууда.

21-августтагы өрттөн бири Виотияда, экинчиси Мерич аймагындагы Каважыкта (Лефкими) эки киши каза болду.

Кечээ Мерич аймалыгндагы Дадиас токой аянтында Грецияга Мерич аркылуу өтүүгө аракет кылган мыйзамсыз мигранттарга таандык экендиги болжолдолгон 18 кишинин анын ичинен 2 баланын сөөгү табылды.

Ушундайча Грецияда өрттөн улам эки күндө каза болгон киши саны 20га жетти. 

Грециянын президенти Катерина Сакеларопулу Еврос аймагында каза болгондор үчүн  билдирүү жарыялап : "Биз бул трагедиядан улам адамдардын жоготууларына,   каза болгонуна, жаратылыштын зыян тартууунан кайгырып жатабыз",- деди.  

 



Тектеш кабарлар