Вучич Эрдоган менен жолугушуусуна баа берди

Вучич Венгриянын улуттук күнүнүн алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Будапештте жолуккандан кийин социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2027032
Вучич Эрдоган менен жолугушуусуна баа берди

Сербиянын президенти Александр Вучич Түркия менен карым- катнаштарын эң жакшы түрдө улантуунун алар үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Вучич Венгриянын улуттук күнүнүн алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Будапештте жолуккандан кийин социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

Билдирүүсүндө Вучич "Эрдоган менен эки тараптуу жана аймактык темаларды ар дайым ачык сүйлөшкөндөрүн" айтты.

Вучич: «Түркия менен мамилебизди мүмкүн болушунча эң жакшы түрдө улантуу биз үчүн маанилүү жана бул жолугушуу эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда ансыз да жакшы болгон серб-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө дагы бир кадам болду»,-деди.

Жолугушууда президент Эрдоган менен аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы темасын да сүйлөшкөндөрүн белгилеген Вучич, Түркиянын конструктивдүү мамилеси менен аймактагы эң таасирдүү эл аралык актерлордун бири экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар