Нигериядагы гуманитардык кризис

Гуманитардык иштер, табигый кырсыктарды башкаруу жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы катчысы Насир Сани-Гварзо өлкөдө, өзгөчө түндүк провинцияларда күчөгөн коопсуздук көйгөйлөрүнүн гуманитардык кризиске алып келгенин белгиледи.

2027427
Нигериядагы гуманитардык кризис

Нигерияда коопсуздук көйгөйлөрүнүн күчөшүнөн улам ички жер которгон 3,5 миллиондон ашуун адамдын гуманитардык жардамга муктаж экени билдирилди.

Гуманитардык иштер, табигый кырсыктарды башкаруу жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы катчысы Насир Сани-Гварзо өлкөдө, өзгөчө түндүк провинцияларда күчөгөн коопсуздук көйгөйлөрүнүн гуманитардык кризиске алып келгенин белгиледи.

Коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам өлкө ичинде жер которгон 3,5 миллиондон ашуун кишинин гуманитардык жардамга муктаж экенин белгилеген Сани-Гварзо: «Үй-бүлөлөр көбүнчө тамак-аш, баш калкалоочу жай, суу, коргоо жана жашоо каражаттары сыяктуу курч муктаждыктар менен күрөшүшөт»,-деп айткан.

Өлкөдөгү гуманитардык кризистин кооптондурганын баса белгилеген Сани-Гварзо өкмөт менен гуманитардык уюмдардын кийлигишүү аракетин эки эсеге арттырганын белгиледи.

Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында террордук уюмдар Боко Харам жана ISWAP, ошондой эле куралдуу бандалардын кол салуулары менен күрөшүп жатат.

Өлкөдө күчөгөн коопсуздук чабуулдарынан улам жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда.



Тектеш кабарлар